super.kg logo

АКШдагы президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары жарыяланды

 

Республикалык партиянын президенттикке талапкери Дональд Трамп добуш берүүлөр жабылган Индиана жана Кентукки штаттарында чоң айырма менен алдыда келе жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Агенттиктин маалыматы боюнча, Индиана штатында Трамп 71,5 пайыз, анын атаандашы, Демократиялык партиянын талапкери Камала Харрис 26,7 пайыз добушка ээ. Азырынча ал жерде бюллетендер толук санала элек. CNN өз кезегинде бул штатта Трампка 62,5 пайызды, Харриске 36,4 пайызды берди.

АКШнын мурдагы президенти Кентуккиде да 63,4% менен алдыда келе жатат, ал эми Харрис 35,5%. CNN билдиргендей, бул штатта азырынча Трамп 60,9 пайызга ээ болсо, Харрис 37,8 пайызга ээ.

Трамп акыркы шайлоодо Кентуккиде да, Индианада да жеңишке жетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: