super.kg logo

АКШ эскертти. Иран Ирак аймагынан Израилге каршы масштабдуу чабуулга даярданууда

 

Байдендин администрациясы Багдаддан Ирандын Израилге Ирактын аймагынан ыктымал кол салуусуна бөгөт коюуну талап кылып, жообу болорун айтып коркуткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, Иран жакынкы күндөрү Ирактан Израилге каршы ири чабуулга даярданууда. Кол салуу Израилдин 25-октябрдагы соккусуна жооп катары пландалууда.

Axios Агенттигинин маалыматына караганда, Ирандын Революциялык гвардиясы Ирактагы шиит кошуундарына пилотсуз учактарды жана баллистикалык ракеталарды өткөрүп берип, Израилге каршы биргелешкен чабуулду пландаштырууда. АКШ мындай чабуулга жол берилбестигин ачык жана дипломатиялык каналдар аркылуу Иранга эскерткен, бирок Тегеран эскертүүлөргө көңүл бурган эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жейк Салливан жана мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Ирактын премьер-министри Мохаммед Шиа аль-Судани менен сүйлөшкөн.

"Эгер муну алдын албасаңар, биз Израилдин Иракка чабуулун токтото албайбыз", - деп билдирди америкалык расмий өкүл.

Ирактын премьер-министри жана анын кеңешчилери өлкөнүн Израил менен Ирандын ортосундагы чыр-чатакка тартылышын каалабай турганын билдиришти. Бирок Ливандын "Аль-Ахбар" гезитинин жазганына караганда, аль-Судани Ирактагы иранчыл куралдуу топторду Израилге каршы чабуулдарды токтотууга ынандыра элек.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэттью Миллердин айтымында, Блинкен Ирактын “АКШ кызматкерлерин коргоо жана Ирак менен Сириядагы америкалык кызматкерлерге кол салуулар, анын ичинде Иран колдогон куралдуу топтордун чабуулдары үчүн жооптууларды куугунтуктоо боюнча милдеттенмелерин аткаруусу” зарылдыгын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: