Министрдин орун басары жыл сайын 150 кыргызстандык Түркияда акысыз дарылана аларын айтты
Кыргызстандын 150 жараны Түркияда акысыз дарылана алат. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов жергиликтүү уктуруулардын бирине берген маегинде билдирди.
Ал 2019-жылдан баштап түрк тарап кыргызстандыктарга акысыз дарылануу боюнча квота бербей калганын айтып, муну коронавирус илдети менен түшүндүрдү.
"2019-жылга чейин 70 жараныбызга квота берип келишкен. Кечээки сүйлөшүүлөрдө "150гө чейин көтөрүп бергиле" деген сунушту киргиздик", - деди Байдавлетов.
Ошондой эле саламаттыкты сактоо министринин орун басары мындай келишим 5 жылга чейин түзүлүп жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.