super.kg logo

Трамп жубайы Мелания менен Флоридада добуш берүүгө катышты

 

АКШынын президенттигине талапкер жана Ак үйдүн мурдагы башчысы Дональд Трамп жубайы Мелания менен бирге шейшембиде Флорида штатынын Палм-Бич шаарында президенттик шайлоого добуш берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирет.

Добуш берүүдөн кийин ал утулуп калса жеңилгенин моюнга аларын айтып, бирок ал үчүн шайлоо калыс өтүшү керектигин белгилеген.

"Эгерде мен бул шайлоодо утулуп калсам жана ал таза шайлоо болсо, мен жеңилгенимди биринчи моюнума алам", - деген ал.

Ошондой эле Трамп шайлоодо жеңип чыгарына ишенип турганын билдирген. "Бизде баары жакшы болуп жатат деп уктум. Бүгүн биз чоң жеңишке жетебиз деп ойлойм" деген. Мындан тышкары республикачы жеңилип калса тарапташтарым тополоң чыгарышпай турганын айтып ишендирген. "Менин тарапташтарым зордукчул эмес, алар зордук-зомбулукка ишенбеген адамдар. Мен, албетте, эч кандай зордук-зомбулукту каалабайм", - деп кошумчалаган.

Белгилей кетсек, учурда АКШнын президенттигине Демократиялык партиядан Камала Харрис менен республикачылардан Дональд Трамп ат салышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: