super.kg logo

Америкалык ишкер Илон Маск президенттик шайлоодо добуш берүүгө катышты 

 

Америкалык ишкер, SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Америкада өтүп жаткан президенттик шайлоодо добуш берүүгө катышты. Ал өзүнүн добуш берүү укугунан пайдаланганын X социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирген.

Чет элдик маалыматтарга караганда, ал АКШнын Техас штатындагы шайлоо участкасына барып, добуш берген.

Ошондой эле ал аталган билдирүүсүндө аралыктан добуш берүүдөгү бир катар кемчиликтерди атай кеткен.

Эске салсак, Пенсильванияда бир нече ай мурда, тактап айтканда, июль айында Дональд Трамптын шайлоо алдындагы сөзүнүн биринде анын өмүрүнө кол салуу аракети жасалган. Анда АКШнын мурдагы президенти сахнадан канга боёлуп, алынып кетилген. Аталган окуядан кийин Маск толук түрдө Трампты колдой турганын айтып чыккан.

Ошол эле учурда ишкер Камала Харристи бир нече жолу сынга алган. Атап айтканда, эгер ал жеңсе, бул шайлоо Америка үчүн акыркысы болорун айтып, Трамп демократияны сактап кала турганын билдирген.

Учурда АКШнын президенттигине Демократиялык партиядан Камала Харрис менен республикачылардан Дональд Трамп ат салышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: