super.kg logo

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр Борбордук банктар кеңешин түздү

 
Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Борбордук банктар кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Бишкек шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитинин алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук (улуттук) банктар кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Меморандумга Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев, Азербайжандын Борбордук банкынын төрагасы Талех Кязымов, Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Тимур Сулейменов, Түркиянын Борбордук банкынын төрагасы Фатих Карахан жана Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратов кол коюшту.
"Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук (улуттук) банктар кеңешин түзүү борбордук банктардын ортосундагы натыйжалуу кызматташууну бекемдөөгө, акча-кредит саясаты, финансылык туруктуулук, төлөм системасын жана финансылык технологияларды өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу максатында биргелешкен консультацияларды жана изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: