Бишкекте “кызды башына таш менен уруп, анан зордуктоого аракет жасаган” деген шек менен жигит кармалды
Бишкек шаарынын тургуну 27 жаштагы К.Бактыгүл арыз менен милицияга кайрылган. Анда “болжол менен саат 19:30 чамасында Мессароша көчөсүндөгү №99-үйдүн жанынан белгисиз азиат улутундагы, жашы 25-30 чамасындагы адам мени таш менен башка бир нече жолу уруп, зордуктоого аракет жасады” деп жазылган. Бул тууралуу 2-январда Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Кылмыш изи сууй электе Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун 32 жаштагы тургуну Т.Шерзат кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Тергөө учурунда Т.Шерзаттын Асел деген кызды да бир нече жолу уруп, зордуктоого аракет жасагандыгы аныкталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
1

Билдирүүңүз өчүрүлдү.