Израилде коргоо министринин кызматтан алынышына байланыштуу нааразылык акциялары башталды (видео)
Израилде коргоо министри Йоав Галанттын кызматынан алынуусуна байланыштуу нааразылык акциялары болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, израилдик оппозиция премьер-министрдин чечимине канааттанбай, элди митинг өткөрүүгө чакырган.
Учурда миңдеген демонстранттар Тель-Авивде, Иерусалимде жана Хайфада чогулуп жатышат. Беэр-Шева шаарында дагы жүзгө жакын адам митингге чыгууда. Кээ бир адамдар өрт коё баштады.
Тель-Авивде эл шаарды аралап өткөн Израилдин башкы Аялон магистралын да жаап салышкан.
Белгилей кетсек, буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөнүн Коргоо министрлигинин башчысы Йоав Галантты пикир келишпестиктен улам кызматтан алганы маалым болгон.
Израил
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.