Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда



Бүгүн, 6-ноябрда Кемин районунда Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда мыйзамсыз курулган бир катар объектилер демонтаждалууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, бул иштер автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге объектилерди мыйзамсыз жайгаштыруунун алдын алуу жана бөгөт коюунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Жер-жерлерде да мыйзамдардын бузулушу каралып, фактылар аныкталды.
Белгилей кетсек, буга чейин да Бишкек–Торугарт унаа жолундагы бөлүнгөн тилкедеги ондогон объектилер буздурулган.
Комиссия мындан ары дагы аймактарда ишин улантат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.