super.kg logo
  Саясат  

Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде бир катар документтерге кол коюлду (тизме)

 

Бүгүн, 6-ноябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны болуп өттү. Иш-чара президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өттү.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды жана көп тараптуу документтерге кол коюлду.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери тарабынан төмөнкү документтер кабыл алынды:

1. Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитинин Бишкек декларациясы;

2. Туруктуу келечек үчүн биримдик Түрк жашыл көз карашын кабыл алуу чечими;

3. 2025-жылы Бишкек шаарын Түрк мамлекеттер уюмунун Санариптик борбору деп жарыялоо жөнүндө чечим;

4. Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды сыйлоо чечими;

5. Түрк дүйнөсүнүн Уставын кабыл алуу чечими;

6. Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим;

7. Түрк мамлекеттер уюмунун Туруктуу өкүлдөрү жөнүндө Жобону кабыл алуу жөнүндө чечим;

8. Түрк мамлекеттер уюмунун желегин кабыл алуу жөнүндө чечим.

Ошону менен бирге саммиттин алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. ТМУнун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашуу;

2. Санариптик экономика боюнча өнөктөштүк келишими;

3. Жашыл каржы боюнча Түрк кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;

4. Түрк борбордук (улуттук) банктарынын кеңешин түзүү жөнүндө меморандум;

5. ТМУнун Жерди байкоочу технологиялык спутнигин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;

6. ТМУнун Чоң түрк тил моделин иштеп чыгуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: