super.kg logo
  Саясат  

Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү 

 

Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев саммиттин жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып айтты.

"2025-жылы Бишкек шаары Түрк мамлекеттер уюмунун санариптик борбору, ал эми Жалал-Абад шаары Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыялоо тууралуу чечимдер кабыл алынды", - деди министр.

6-ноябрда өткөн ТМУнун саммитинде бир катар чечимдер кабыл алынып, бир нече документтерге кол коюлду. Иш-чара президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өттү.

Саммит “Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” аталышында болду.

Белгилей кетсек, ТМУ – түрк тилдүү мамлекеттерди бириктирген эл аралык уюм. Уюмга мүчө өлкөлөр: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия. Ал эми Түркмөнстан, Венгрия саммиттин ишине байкоочу өлкө катары катышып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: