Дүйнө чемпиондугунун тандоо туруна даярдык. "Ак шумкарлардын" кеңейтилген тизмеси жарыяланды
Ноябрь айында өтө турган оюндарга даярдык көрүү максатында уюштурулган окуу-машыгуу жыйынына чакырылган Улуттук кураманын кеңейтилген тизмеси жарыяланды.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиргендей, курама команда 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында 14-ноябрда БАЭ менен (конокто), ошондой эле 19-ноябрда өз оюн талаасында Иран курамасы менен беттешет.
“Жогоруда айтылган беттештерге даярдык көрүү максатында курама командабыз бүгүн, 6-ноябрдан тартып Катардын Доха шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Даярдык аяктагандан кийин команда биринчи беттешке катышуу үчүн 12-ноябрда Абу-Дабиге бет алат”, - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















