super.kg logo
  Саясат  

Бейшеналиев кыргызстандык дарыгерлерди Түркиянын ооруканаларында окутуу маселесин талкуулады

 

Саламаттык министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу менен жолугушту.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы медицина тармагындагы кызматташунун келечегин жана артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле кадрдык камсыздоо, кыргызстандык дарыгерлерди Түркиянын ооруканаларында окутуу жана фармацевтика индустриясын өнүктүрүү менен дары-дармек каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерине да көңүл бурулду.

Бейшеналиев Түркия өкмөтүнө жана Кемал Мемишоглуга Кыргызстандын саламаттык сактоо түзүмүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Министр Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы алдыдагы эки тараптуу кызматташтыкка байланыштуу бир нече маанилүү маселелерге анын ичинен Кыргызстандын 150 жаранын түрк клиникаларында дарылоо боюнча квотаны калыбына келтирүүгө токтолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: