Бишкекте Түркия менен Азербайжандын президенттери жолугушту. Анда эмне тууралуу кеп болду?
Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттери уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммитинин алкагында, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жолугушуусу болду.
Түрк президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди, ошондой эле аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашты. Эрдоган түрк-азербайжан мамилелеринин бардык тармактарда тынымсыз өнүгүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле ал Азербайжанда өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясында маанилүү чечимдердин кабыл алынаарына ишеним билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.