super.kg logo

Орусия АКШдагы шайлоого кийлигишти деген айыптоолорду четке какты

 

Орусиянын Вашингтондогу элчилиги Москва Америкадагы шайлоого кийлигишкен деген айыптоолорду кескин түрдө четке какты. Бул тууралуу Орусиянын АКШдагы элчилиги билдирди.

Бул билдирүү Федералдык иликтөөлөр бюросунун (ФБР) орус хакерлери шайлоо участкаларын жардырабыз деп коркуткан каттарды жиберген деген айыптоосунан кийин жасалды. Каттар орусиялык электрондук почта домендеринен жөнөтүлгөн. Коркунучтуу өнөктүк бир катар штаттарда шайлоо участокторун жабууга алып келди. ФБР бул коркунучтардын реалдуу эмес экенин, башкача айтканда, бомба жок экенин ырастаганы менен алар шайлоо участокторун убактылуу жабылуусуна алып келди.

АКШнын чалгын кызматы мурдараак Орусия Пенсильваниядагы шайлоодогу бурмалоолорду көрсөткөн видео тасманы түзүү менен бирге, жакында жалган маалымат таратуу кампаниясына катышканын билдирген. Ошондой эле АКШнын атайын кызматы орусиялык агенттер шайлоочулардын ишенбестигин жаратып, шектенүү жаратуу үчүн жаңылыктарды ойлоп таап, социалдык тармактарга жайгаштырганын белгилеген.

Орусиянын Вашингтондогу элчилиги бул айыптоолорду Кошмо Штаттардагы “ички саясий тирештин” бир бөлүгү деп атап, америкалык аткаминерлерден бул ишке байланыштуу эч кандай суроо-талап же далил келбегенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: