super.kg logo

Харрис Трамптын жеңишин телефон аркылуу куттуктады

 

Шаршемби күнү түштөн кийин вице-президент Харристин жардамчысы журналисттерге президент Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Сүйлөшүү учурунда Харрис бийликтин тынч жол менен алмашуусунун жана бардык америкалыктар үчүн президент болуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Президент Трамп өнөктүк учурунда вице-президент Харристин күчүн, кесипкөйлүгүн жана өжөрлүгүн белгиледи жана эки лидер тең өлкөнү бириктирүүнүн маанилүүлүгүн макулдашты", - деди Трамптын шайлоо штабынын өкүлү Стивен Чонг билдирүүсүндө.

Харрис саат 16:00дө Вашингтондогу Говард университетинде сөз сүйлөйт деп күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 5-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болуп, анда Трамп 292 добуш алып, жеңишке жеткен. Ал эми анын атаандашы Харрис 224 добуш алган. Чечүүчү жеңиштер Пенсильвания жана Висконсин штаттарында болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: