super.kg logo

Дем алыш күндөрү борбордо айыл чарба жарменкеси өтөт

 

Бишкекте 8-10-ноябрь күндөрү айыл чарба жарменкеси өтөт. Анда социалдык маанилүү азык-түлүктөр жана керектелүүчү товарлар коюларын Айыл чарба министрлиги бүгүн, 7-ноябрда кабарлады.

Маалыматка караганда, Түгөлбай ата көчөсү, Эркиндик жана К.Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.

Жарманкенин максаты – ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.

"Өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын жана кайра иштетилген продукцияны сатууну каалаган жеке ишкерлерди жарманкеге чакырабыз. Ошондой эле министрлик Кыргызстандын бардык фермер-дыйкандардын продукциясын сатууга шарт түзүп берет", - дешти министрликтен.

Суроолор боюнча төмөнкү номерге байланышса болот: 0702 702 000.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: