super.kg logo

Жалал-Абадда таанышынын унаасын айдап качкан киши кармалды

 

Жалал-Абад шаарында таанышынын унаасын айдай качан шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-ноябрда Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгына 47 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү таанышы менен спирт ичимдигин ичип отурганда таанышы ижара алып айдап жүргөн Сhevrolet үлгүсүндөгү унаасынын ачкычын алып белгисиз тарапка айдап качып кеткендигин айткан. Натыйжада ал 320 сомдук материалдык жактан зыян тарткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери 4-ноябрь күнү шектүү делген Базар-Коргон районунун 39 жаштагы тургунун кармашкан. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөөнүн жүрүшүндө өзүнүн жасаган кылмышын толугу менен моюнуна алган.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: