super.kg logo

Токмоктук тургун ири суммадагы акчасын 3 аялга алдатып жиберген. Шектүүлөр кармалды

 

Токмок шаарында алдамчылыкка шектелген 3 аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-октябрда Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 77 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал 3 аял өздөрүн Кызыл Крест уюмунун өкүлдөрү катары тааныштырып, 80 миң сом жана 200 евросун алдап кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 43 жана 39, 34 жаштагы жарандар кармалып, шаардык соттун чечими менен 1 айга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: