super.kg logo

АКШдагы президенттик шайлоо: Харрис жеңилгенден кийин алгачкы ирет эл алдына чыкты

 

АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер жана азыркы вице-президент Камала Харрис шайлоодо утулуп калгандан кийин Вашингтондогу Говард университетинде коомчулуктун алдына чыгып, сөз сүйлөдү. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Харрис колдоочуларына, командасына, күйөөсүнө жана президент Жо Байденге ыраазычылык билдирип, президенттик шайлоого жарышка чыкканы менен сыймыктанарын айтты.

Вице-президент Дональд Трампка чалып байланышканын билдирип, ага бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп алууга жардам берерин билдирген.

Харрис ошондой эле "америкалыктар белгилүү бир президентке же партияга эмес, АКШнын Конституциясына берилген" деп баса белгиледи.

Белгилей кетсек, 5-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, Трамп 277 добуш алып, жеңишке жеткен. Ал эми анын атаандашы Харрис 224 добуш алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: