Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алына элек
Бишкек—Ош автожолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу автоунааларга коюлган чектөө алына элек. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Транспорт министрлигинен билдирди.
Маалым болгондой, Төө-Ашууда кар жаап жатат. Мындан улам "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө алына элек, ал эми Өтмөк жана Ала-Бел ашууларында жол тазалоо иштери жүрүп жатат.
"Бишкек–Нарын–Торугарт автоунаа жолунун Долон, Кызыл-Бел ашууларында да кум чачуу иштери жүрүп жатат.
Ош–Сары-Таш–Эркештам жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында жол ачык, каттам бар. Кардын калыңдыгы 15-20 сантиметрге жеткен", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.