super.kg logo

Арстан Алайдын өлүмү боюнча күбөлөр суралды

 

Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 7-ноябрда Чүй облустук сотунан ырастады.

Маалыматка ылайык, отурум кечээ, 6-ноябрда Аламүдүн райондук соттунда болуп, күбөлөр суралган. Кийинки отурум 21-ноябрга белгиленген.

Абдылбаевдин өлүмү боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын 5 кызматкерине "Шалаакылык" беренеси боюнча айып тагылып, алардын бири тергөө учурунда каза болгон.

Белгилей кетсек, 5-январь күнү саат 05:15 чамасында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасында Арстанбек Абдылдаев асынган абалда табылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ал "Диний кастыкты козуткан" деген шек менен кармалганын былтыр 15-декабрда билдирген. Ага "Социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган" деген айып коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: