Бүгүн Нарын дарыясына түшүп кеткен кызды издөөгө 54 адам чыкты

Маалымдалгандай, издөө иштерин координациялоо үчүн ӨКМдин Нарын шаардык №16 ӨКБдан 10 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу жана издөө иштерин жүргүзүү үчүн ИИМден 28 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 11 адам, жалпы 54 адам тартылды.
Белгилей кетсек, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө иштери уланууда.
Кошумча маалымат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.