Израилдин Бейрутка жасаган соккусунан каза болгондордун саны 30га жетти
Израилдин аба күчтөрүнүн кечээ Ливандын борбор шаары Бейруттун түштүгүндөгү Баржа аймагына жасаган чабуулунан каза болгондордун саны 30га жетти. Бул тууралуу Ливандын расмий NNA маалымат агенттиги билдирди.
Адамдар дагы эле кыйраган имараттардын урандыларынын астында калууда. Бул тууралуу Анадолу кабарчысына Жабал-э Ливандын жергиликтүү жарандык коргонуу күчтөрүнүн өкүлү Хусам Дарук билдирди.
Өткөн түнү жана эртең мененки сааттарда Израилдин авиациясы Ливандын түштүк райондорун бомбалады.
Негизги соккулар Набатье, Дейр Зехрани жана Сура шаарларына тийди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.