super.kg logo
  Саясат  

Орунбеков бийликти басып алууну эңсегендер бар экенин айтты

 

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, өлкөдө баш аламан жаратууну каалагандар бар экенин айтты.

Ал өлкө акыркы убакта жакшы өнүгүү жолунда экенин, бул айрым күчтөргө жакпастыгын белгиледи.

"Президенттин командасынын акыркы 3 жыл ичиндеги аракеттери "элдин бийликке болгон ишенимин жаратты" деп айтсам болот. Айрыкча коррупция менен күрөш, уюшкан кылмыштуу топтордун түп орду менен жок болушу, экономикалык көрсөткүчтөрдүн 3 эселеп өсүшү элге үмүт жаратты. Андыктан бийликке болгон калктын ишениминин өсүп баратканы саясий атаандаштарыбызга, кылмыштуу топторго, кечээки коррупционерлерге жаккан жок. Алар азыр дагы "бийликке кайра келсек" деген үмүттөрү бар. "Мамлекетте башаламан болуп кетсе, эл көтөрүлсө, андан пайдаланып бийликти басып алсак" деп эңсешет", - деди Орунбеков.

Ошондой эле Орунбеков алардын максатын ишке ашыруу үчүн айрым блогерлер, жарандык активисттер аркылуу бийликти каралоо иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: