super.kg logo

Казакстанда өтүп бара жаткан аялга дарак кулап, каза болду (видео)

 

Казакстандын Павлодар облусунда катуу шамалдан улам бак кулап, өтүп бара жаткан аялды басып калган. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалымдалгандай, ал алган жараатынан улам жеринде каза болгон.

Маалыматтарга караганда, окуя бүгүн, 7-ноябрда саат 09:37де Естай көчөсүндөгү үйдүн короосундагы бак аялды басып калган. Алты мүнөттөн кийин дарыгерлер окуя болгон жерде болушкан.

"1957-жылы туулган аял жабыркаган. Тилекке каршы, ал алган жаракаттарынан улам көз жумду. Анын эки буту, көкүрөк клеткасы, жамбаш сөөгү, жабык омурткалары сынган",-дешти Павлодар облусунун медициналык "Тез жардам" станциясынын басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, Павлодар облусунда 6-ноябрдын түнүнөн бери катуу шамал болуп жатат.

Анда бир нече ири бак-дарактар токтоп турган унааларга кулап, айнектерди сындырып, кузовдорду жарактан чыгарууда.






7.11.2024

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: