super.kg logo

Германияда Кытайга тыңчылык кылган америкалык жаран кармалды

 

Американын жараны жана Германияда жайгашкан АКШ армиясынын мурдагы мүчөсү Кытайга жашыруун маалыматтарды берүүнү сунуш кылган деген айып менен камакка алынды. Бул тууралуу AFP агенттиги бейшемби күнү Германиянын прокуратурасына шилтеме берүү менен билдирди.

Прокуротуранын айтымында, Мартин Д. деп атаган адам "чет элдик чалгындоо агенттиги үчүн чалгындоо иштерин жүргүзүүгө даяр экенин билдирген" деген шек менен кармалган. Алар кошумчалагандай, ал "2024-жылы Кытайдын расмий өкүлдөрү менен байланышып, аларга америкалык аскерлер тууралуу жашыруун маалыматтарды берүүнү сунуш кылган".

Ошондой эле ал бейшемби күнү Франкфурт шаарында камакка алынып, батиринде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Алардын айтымында, ал "жакынкы убакка чейин" америкалык аскерлер үчүн иштеген жана Кытайга "АКШ армиясында иштеген учурунда алган маалыматты" берүүнү сунуш кылган. Учурда тергөө Германиянын чалгындоо кызматы менен "тыкыс координацияда" жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: