Бишкекте Горький көчөсүндөгү жолду оңдоо иштери аяктады





Бишкек шаарында Горький көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштери аяктады. Жол кыймылы үчүн толугу менен ачык. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 7-ноябрда Бишкек мэриясынан тастыкташты.
Маалымдалгандай, Горький көчөсүн Ч.Айтматов проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин оңдоо пландалган.
Ага ылайык, 2025-жылы Бишкек шаарынын мэриясы Горький көчөсү менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишине жол өтмөк курууну пландап жаткандыктан, 7-Апрель көчөсүнө чейинки чакан тилкеде оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.
Белгилей кетсек, Горький көчөсүн капиталдык оңдоо 29-июлда башталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.