super.kg logo

Америкалык 114 жаштагы аял узак жашоонун сыры менен бөлүштү

 

Американын Пенсильвания штатынын 114 жаштагы жашоочусу Наоми Уайтхед учурда өлкөнүн эң улгайган адамы болуп саналат.

Чет элдик басылмалардын маалыматында, ал жакында жергиликтүү басылмаларга маек берип, узак жашоонун сыры менен бөлүшкөн. Анда улгайган аял эч качан чылым чекпегенин жана спирт ичимдиктерин ичпегенин айткан.

Ошондой эле узак жашоонун дагы бир сыры бул көп кыймылда болуу жана талыкпай иштөө деген. Ал өзү көп жылдар бою фермада иштеп, талаада жер айдап, пахта, тамеки терип, дайыма кыймылда болгонун айтып өткөн. Ошону менен катар Наоми Уайтхед маек берип жатып дин ал үчүн маанилүү экенин түшүндүргөн.

Наоми Уайтхед 1910-жылы сентябрда Жорджия штатындагы фермада төрөлгөн. Уайтхед күйөөсү менен үч уулунан да узак жашаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: