super.kg logo

АКШнын учурдагы президенти Жо Байден Трамп жөнүндө билдирүү таратты

 

АКШнын азыркы президенти Жо Байден Дональд Трамп президенттик шайлоодо жеңишке жеткенден кийин биринчи жолу элге кайрылуу жасады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Байден күн мурун Трампка телефон чалып, жеңиши менен куттуктаганын айтты. Ошондой эле ага тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп берүүгө кепилдик бергенин билдирди.

Президент ошондой эле Демократиялык партиянын мүчөлөрүнө кайрылды. Ал партиянын тарапташтары учурда жеңилүү ызасын тартып жатышканын белгилеп, убактылуу нерсе экендигин кошумчалаган. Жана да президенттик кызмат эмес, өлкө үчүн биргелешип жасаган кызмат маанилүү экендигин айтты.

Айта кетсек, АКШда шайлоо 5-ноябрда өттү. Мурдагы президент Дональд Трамп шайлоодо талап кылынган 270 шайлоочунун 295 добушуна ээ болуп, жеңишин жарыялады. Байден Камала Харристин шайлоодогу жеңилүүсүн "өзгөчө жагдайлар" менен байланыштырды. Харрис жеңилгенин эл алдында моюнуна алып, бирок мыйзамдуулук үчүн күрөштү улантууга убада берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: