"Манас" театрынын филиалы Иорданияда ачылат
Кыргыз улуттук "Манас" театрынын филиалы Иорданияда ачылат. Бул тууралуу аталган театрдын жетекчиси Нурбек Талантбеков бүгүн, 8-ноябрда билдирди.
Айтымында, бул иштер "Манас" эпосун жайылтуу максатында ишке ашып жатат. Филиалдын ачылышы 11-13-ноябрга мерчемделүүдө.
"Бул жолку сапарыбызда ал жактагы жарандар жана мекендештерибиз арасында манас айтууну жайылтуу үчүн сынак уюштуруп жатабыз. Концерт коюлат. Имарат маселеси чечилди, расмий өкүлүбүз дайындалып, ага унаа дагы берип жатабыз. Иш-чаралар 11-13-ноябрь күндөрү өтөт", - деди ал.
Ошондой эле Талантбеков театрдын филиалы Өзбекстандын Ташкент облусунда 16-17-ноябрь күндөрү ачыларын, алдыдагы жылдарды Орусия, Түркияда да филиалдарды ачуу пландалып жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.