"Арал" өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу унааларга чектөө коюлду
Бишкек-Ош унаа жолундагы "Арал" өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдо жол тайгак болуп жатат.
"Кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Токтогул районунун "Арал" өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 11:48ден тартып убактылуу чектөө киргизилди", - деп билдирди ӨКМ.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.