Виктор Орбан Бишкекте Трамп үчүн ичимдик ичкенин айтты
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Дональд Трамптын шайлоодогу жеңишинин урматына убада кылгандай шампан эмес, арак ичкенин айтты. Ал бул тууралуу Будапешттеги Европа саясий коомчулугунун саммитинин жыйынтыгына арналган басма сөз жыйынында билдирди.
Саясатчы муну АКШда президенттик шайлоо өтүп жаткан маалда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде жүргөнү менен түшүндүргөн.
"Шампан ичип берем деген убадама келсек, Трамп жеңишке жеткенде мен Бишкекте болчумун. Ал жакта каада-салт башкача болгондуктан арак ичтим", - деген Орбан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.