super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Нарын облусундагы бир катар долбоорлордун ишин көрүп чыкты

 

Бүгүн, 8-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, иш сапарынын алкагында төрага Нарын облусунун Кочкор районунун Ормонхан айылындагы манасчы Сагынбай Орозбак уулу атындагы музейди реконструкциялоо ошондой эле ушул эле аталыштагы күмбөздү тосуу иштери менен таанышты.

"Бүгүнкү күндө күмбөздү тосуу жана музейди реставрациялоо иштери толугу менен аяктап, 1100 чарчы метр аянтка мектеп аянтчасына брусчатка төшөө иштери калды", - деп айтылат маалыматта.

Андан ары Акылбек Жапаров Ормон-Хан айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жол айылында жаңы логистикалык борбордун курулушу менен таанышты.

"Логистикалык борбор Жаңы-Жол айылындагы Тогуз-Булак участкасында жайгашып, жалпы аянты 13 гектар жерди түзүп, анын 8 гектарын мал базары ээлейт. Учурда малды байлоо үчүн темир конструкцияларды орнотуу иштери бүткөрүлүп, базардын аймагы тосулду. Мындан сырткары унааларды токтотуу үчүн 4 гектар жер даярдалды", - деп кошумчаланган.

Министрлер кабинетинин башчысы логистикалык борбордун курулушу дыйкандар үчүн инфраструктураны жакшыртууга, айыл чарба продукциясын логистика менен камсыздоону оптималдаштырууга жана облуста жаңы жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк берерин белгилендиги маалыматта айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: