super.kg logo

Эрдоган Трамптын шайлоо алдындагы убадасын аткаруусун каалаарын айтты

 

Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган АКШдагы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп менен Жакынкы Чыгыштагы окуяларды, өзгөчө Израилдин аракеттерин талкуулоо ниети бар экенин айтты. Ал бул тууралуу Будапеште өткөн Европа саясий коомчулугунун саммитинен кайтып келгенде журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.

"Менимче, бул багытта эч кандай кыйынчылыктар болбойт. Трамп Израил баштаган бул кагылышууларды токтотууну убада кылганын билесиздер. Биз бул убаданын аткарылышын каалайбыз", - деген ал.

Эрдоган түрк тарап тынчтыкты жактай турганын белгилеп, "Израил менен Палестина маселесинде Байдендин саясатын улантуу кырдаалды ого бетер курчутат" деп кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: