super.kg logo

"Кафеден сүйрөп чыгып..." Бишкекте кыз ала качууга аракет кылгандар кармалды (видео)

 

Бишкекте кыз ала качууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда Милициянын кайгуул кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-ноябрда саат 22:00 чамасында Маевка айылында жайгашкан кафелердин биринен 18 жаштагы кызды 25-30 жаштардагы балдар күч колдонуп БМВ үлгүсүндөгү унаага салып кеткендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында, Сокулук-Кант айланма жолунун Алмата көчөсү менен кесилишинен аталган унааны кармап, Биринчи май РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүп беришкен.

Анда 27 жаштагы К. уулу Э. аттуу Ысык-Көл облусунун тургуну кызды мажбурлап үйлөнүү максатында ала качып бара жатканы аныкталган. Окуяга катышкан достору, БМВ унаасынын айдоочусу Ш.Н. жана О.Ж. аттуу жарандар дагы тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: