super.kg logo

Бишкекте массалык мушташ уюштурган чет өлкөлүк жарандар кармалды

 

Бишкекте массалык мушташ уюштурган чет өлкөлүк жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрда милицияга чет өлкөлүк жарандар мушташып жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге, милиция кызматкерлери дароо барышып, оозеки чыр-чатак учурунда чет элдик жарандардын ортосунда мушташ чыгып кеткенин аныкташкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1999-жылы туулган Р.С., 2000 жылы туулган Ж.Х., 2004-жылы туулган Г.Р. жана 2002-жылы туулган Т.С. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Свердлов райондук сотунун чечими менен алар Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: