super.kg logo

Дагестандын билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары кармалды

 

Дагестан Республикасынын билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары 160 миллион рублдан ашык пара алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу жума күнү, 8-ноябрда Орусиянын Тергөө комитетине таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 290-беренесинин 6-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу) боюнча кылмыш ишин козголду.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, шектүү 2013-жылдан 2023-жылга чейин коммерциялык уюмдардын биринин жетекчисинен 60 миллион рубль өлчөмүндө пара алган. Өз кезегинде ал министрликтин карамагында турган объектилерди оңдоо жана куруу боюнча мамлекеттик контракттарды түзүүгө көмөктөшкөн.

"Жалпысынан 160 миллион рублдан ашык суммага 15 мамлекеттик контракт түзүлдү", - деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Шектүү кармалган. Баш коргоо чарасы жакында каралат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: