Дональд Трамп Сюзи Уайлсты Ак үйдүн аппарат башчысы кылып дайындаганын жарыялады
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп өзүнүн шайлоо өнөктүгү боюнча менеджерлеринин бири Сюзи Уайлсты Ак үйдүн аппарат башчысы кылып дайындай турганын жарыялады.
Ал бул кызматты ээлеген биринчи аял болот.
"Сюзи күчтүү, акылдуу. Ал биздин өлкөбүздүн сыймыгы болорунан күмөн санабайм. Сюзи Уайлс мага Американын тарыхындагы эң чоң саясий жеңиштердин бирине жетүүгө жардам берди", - деди Трамп.
Уайлс 2016 жана 2020-жылдары Флоридада Трамптын шайлоо штабынын менеджери болуп иштеген.
Бул келерки жылдын 20-январында Ак үйгө кайтып келе турган Дональд Трамптын биринчи кадрдык чечими.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.