super.kg logo

Челябинскте Бишкектен учуп барган учакты күч кызматкерлери текшерип, чакыруу кагаздарын тапшырышты

 

Челябинск аэропортунда Бишкектен учуп барган учакты күч кызматкерлери тосуп алышты. 250 жүргүнчүнүн баары текшерилип, Орусиянын жарандыгы бар жарандарга аскерге чакыруу кагаздарын берди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Челябинск облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"Бардык жарандар кылмыш жасоого катыштыгы бар экендиги, издөөдө жүргөндүгү, анын ичинде мобилдик биометрикалык терминал аркылуу өздүгүн тактоо үчүн маалыматтык жана маалымдамалардын негизинде текшерилди. Аскер комиссариатынын өкүлдөрү Орусиянын жарандыгын алган жана аскердик каттоого турууга тийиш болгон жарандарга чакыруу баракчаларын тапшырышты", - деп айтылат маалыматта.

Рейдге Орусиянын Ички иштер министрлигинин транспорт боюнча миграция департаментинин, ФСБнын Чек ара башкармалыгынын, Орусиянын Тергөө комитетинин жана Аскер комиссариатынын кызматкерлери катышты.

Маалым болгондой, быйыл дээрлик 12 миң административдик укук бузууга бөгөт коюлуп, миграция чөйрөсүндөгү кылмыш иштеринин саны жана чет элдиктерди өлкөдөн административдик чыгаруу боюнча соттор тарабынан чыгарылган чечимдер үч эсе көбөйгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: