super.kg logo
  Саясат  

"Жаштар үчүн борборлор курулмакчы". Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктады

 

Бүгүн, 10-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктап, жаштар үчүн жаңы борборлор куруларын айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын айтымында, өлкөнүн калкынын 35 пайыз жаштар түзөт. Ошону менен катар жаштардын шайлоолорго катышуусун камсыздоо, алардын шайлоо процесстериндеги пассивдүүлүгүн алдын алууга багытталган “Катыш. Танда. Шайла” долбоору ишке ашырылууда.

Урматтуу Кыргызстан жаштары!Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн калкынын 35 пайызга жакынын жаштар түзөт. Социалдык өзгөрүүлөрдүн катализатору болгон биздин жаштарыбыз мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым кошуп келет. Илим-билимде, искусство менен маданиятта, спорт менен коомдук турмуштагы жетишкендигиңер Кыргызстандын келечеги кең экенин көрсөтүп турат. Жаштар – өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн негизги локомотиви! Ошондуктан Кыргызстандын жаштары – биздин сыймыгыбыз жана үмүтүбүз!

“Жаштар жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруунун алкагында “Жаштардын ыктыярчылык ишин жүргүзүүнүн, дем берүүнүн жана сыйлоонун тартиби жөнүндө жобонун”, “Кыргызстандын жаштар кыймылы жөнүндө жобонун” жана башка мыйзам алдындагы актылардын негизинде бир катар иш-аракеттер көрүлүүдө. Маселен, жаштардын шайлоолорго катышуусун камсыздоо, алардын шайлоо процесстериндеги пассивдүүлүгүн алдын алууга багытталган “Катыш. Танда. Шайла” долбоору ишке ашырылууда.

Ошону менен катар аймактардагы жаштардын убактысын туура пайдалануусуна, жагымдуу өткөрүүсүнө жана жаңы билимдер менен көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө шарт түзүү максатында бардык керектүү жабдыктар жана техникалар менен камсыздалган жаштар борборлору курулмакчы", - деген өлкө башчы куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: