super.kg logo

Путин миграция саясатын катаалдаштыруу боюнча мыйзамга кол койду

 

Орусиянын президенти Владимир Путин миграциялык саясатка өзгөртүүлөрдү киргизген бир катар мыйзамдарга кол койду. Бул тууралуу лрус басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, мамлекеттик Думанын депутаттары аларды октябрдын аягында кабыл алса, Федерация Кеңеши 6-ноябрда бекитти.

Путин төмөнкү документтерге кол койгон:

- мыйзамсыз миграцияны уюштурууда алынган акчаларды, баалуулуктарды жана мүлктү конфискациялоо жөнүндө;

- уюшкан топ тарабынан же оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоо максатында жасалган мыйзамсыз миграцияны уюштурууну өзгөчө оор кылмыштарга квалификациялоо жөнүндө;

- Орусияда мыйзамсыз жүргөн адамдын кылмыш жасагандыгын оордотуучу жагдай катары таануу жөнүндө;

- мигранттар үчүн мыйзамсыз кызмат көрсөтүүчү сайттарды соттон тышкаркы бөгөттөө боюнча;

- ортомчу уюмдарга мигранттардан сынак тапшырууга тыюу салуу жөнүндө.

Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча беш демилгеден турган пакетти вице-спикер Ирина Яровая (Бирдиктүү Орусия) жетектеген комиссия иштеп чыккан. Мамлекеттик Дума мыйзамдарды бир добуштан колдоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: