super.kg logo

Мексикада барда атышуу болуп, он адам каза болду

 

Мексиканын ушундай эле аталыштагы штатынын Керетаро шаарында белгисиз адамдар барда ок чыгарышкан. Натыйжада кеминде 10 адам каза болуп, дагы жетөө жарадар болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Керетаро муниципалдык коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Хуан Луис Ортис окуя ишемби, 9-ноябрда болгонун билдирди. Белгилүү болгондой, төрт куралчан адам унаа менен бардын имаратына келип, андан соң ичине кирип, адамдарга ок чыгарган.

"Учурда 10 адам каза болуп, жетөө жаракат алганы белгилүү болду", - деди Ортис.

Окуя боюнча иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция бир адамды кармаганы такталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: