super.kg logo

Москвада учкучсуз учактын чабуулунан эки адам жаракат алды (видео) 

 

Москва облусунда учкучсуз учактын чабуулунан эки адам жаракат алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Буга чейин Раменский районунун Становое айылындагы жеке турак үйдүн үстүнө пилотсуз учактын сыныктары түшүп, анын кесепетинен өрт чыккан.

Андан соң өрт башка аймакка да жайылган. Жеринде тез жардам кызматы иштеп, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Москвага учкучсуз учактардын учурулуп жаткандыгына байланыштуу "Домодедово" жана "Жуковский" аэропортторунда аба каттамдар токтотулгандыгы маалым болгон.

Андан соң мэр Собянин Москваны көздөй учкан 25 учкучсуз учак Москва облусунда абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жок кылынганын маалымдаган.






10.11.2024

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: