super.kg logo

Путин Ички иштер министрлигин мыйзамсыз миграция жана экстремизм менен күрөшүүгө чакырды

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин кылмыштуулук менен күрөшүүгө, терроризмге, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө, мыйзамсыз миграцияга каршы катуу күрөшүүгө, жол коопсуздугун жакшыртууга чакырды. Бул тууралуу анын Ички иштер кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосунда айтылат.

Анын айтымында, экстремизмге бөгөт коюуда да активдүүлүк керек.

"Бардык мезгилде Ички иштер министрлигинин мыкты кызматкерлери тайманбастыгы, ак ниеттүүлүгү, мыйзамдын жана адилеттүүлүктүн күчүнө бекем ишенгендиги менен айырмаланып, жаңы муундарды ар-намыстын, мекенчилдиктин, кызматтык милдетине берилгендиктин салтында тарбиялап келишкен", - деди ал.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын кызматкерлери өз бөлүмдөрүнүн тарыхын жаңы даңктуу салттарды кошууда. Быйылкы жылы эле 659 кызматкер мамлекеттик сыйлыктарга ээ болду. Алардын арасында - өлүм коркунучуна карабай - тайбай, артка чегинбей, кызмат учурунда баатырларча курман болгондор бар.

Ошондой эле ал согуш болуп жаткан жерге жакын жайгашкан аймактардагы ички иштер бөлүмдөрүнүн кайраттуу ишин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: