super.kg logo
  Саясат  

Президент Садыр Жапаровдун учагы Эр-Рияд шаарына конду

 

Бүгүн, 10-ноябрда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, анын борту Эр-Рияд шаарынын Король Халид атындагы эл аралык аэропортуна конду.

Анда учактан түшө беришинде килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Эр-Рияд провинциясынын губернатору Файсал бин Бандар бин Абдулазиз Аль-Сауд жана башка расмий адамдар тосуп алды.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина жана түштүк Ливан, ошондой эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаалды талкуулоо пландаштырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: