Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен бала изделип жатат

Ош шаарында Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен беш жаштагы бала изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Жаңы-Маала айылынын беш жаштагы тургуну 9-ноябрда Ак-Бууранын жээгинде ойноп жатып дарыяга түшүп кеткен.
Бул тууралуу маалымат 10-ноябрда "112" кызматына түшкөн. Мындан улам ИИМ кызматкерлерине көмөктөшүүгө Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.
Кечээ, 10-ноябрда издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу токтотулган. Бүгүн улантылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.