super.kg logo

21 жаштагы кыз "Жер сулуусу" сынагын жеңди (фото)

 

9-ноябрда Филиппиндин Параньяк шаарында дүйнөдөгү сулуулардын эң ири сынагынын бири болгон "Жер сулуусу" эл аралык сулуулук сынагынын сыйлык тапшыруу аземи өттү. Сынак YouTube каналында түз эфирде көрсөтүлдү.

Сынакка жалпы 76 өлкөнүн сулуулары катышты. Салтанаттын жүрүшүндө катышуучулардын көбү четтетилди. Алгач 20 гана, андан кийин 12, акырында 8 өлкөнүн өкүлдөрү калган.

Исландиялык Храфнхилдур Харальдсдоттир менен америкалык Беа Миллан-Виндорски башынан эле фаворит катары саналышкан. Жыйынтыгында АКШнын өкүлү “Суу периси” наамын алса, исландиялык кыз “Аба сулуусу” наамын алды. "От сулуусу (Мисс огонь)" наамын Перудан келген Нива Антезана алды. Ал эми сынактын жеңүүчүсү жана "Жер сулуусу" наамынын ээси австралиялык 21 жаштагы Жессика Лейн болду.

Жессика Лейн – бул сынакты уткан биринчи австралиялык кыз болду. Ал Sunshine Coast университетинде журналистика жана чыгармачыл жазуу боюнча билим алууда.

"Жер сулуусу" сынагы – "Аалам сулуусу", "Дүйнө сулуусу" жана "Miss International" менен бирге төрт чоң сулуулук сынактарынын бири. Сынак 2001-жылы негизделген. Калыстар тобу төрт жеңүүчүнү аныктайт. Сынак Филиппинде негизделген, ошондуктан анын финалы көбүнчө ушул өлкөдө өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: