super.kg logo

Бишкектеги мектепте мугалимди ыйлаткан эне айыпка жыгылды

 

Бишкекте мектеп окуучуларынын көзүнчө мугалимди тилдеп, ыйлаганга чейин жеткирген аялга 1000 сом айып пул салынды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 11-ноябрда Ленин райондук милициядан тастыкташты.

Малыматка ылайык, ага айып Укук бузуулар кодексинин “Мугалимге сыйлабастык менен мамиле кылуу” беренеси боюнча түзүлгөн протоколдун негизинде салынган.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда бир аял мугалимди урушуп, ыйлатып жаткан видео тараган. Андагы видеодон окуучунун апасы мугалим баласын урушканын айтып, "300 сомумду бер” деп акча алганын көрүүгө болот. Мугалим ыйлап “берген белегине ыраазы экенин, ал эч кимге жаман сөз айтпаганын” билдирген.

Андан соң ал мугалим жумуштан кеткени белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: