Жо Байден бийликти Трампка качан өткөрүп берери белгилүү болду
Америка лидери Жо Байден 13-ноябрда АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трампты кабыл алат. Бул тууралуу Вашингтондогу Ак үй кабарлаган.
Саясатчылар мамлекет башчынын демилгеси менен баарлашат. Кызматтан кетип жаткан жана шайланган президенттердин мындай жолугушуусу АКШдагы салттуу формат.
Бирок Трамп 2020-жылы Байден жеңишке жеткенде аны чакырып, кабыл алган эмес.
Өз кезегинде Байден бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүгө убада берген. АКШнын бийлиги Трампка 2025-жылдын 20-январында өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.